Кытай элчиси , Монголия элчиси, Тажикстандын элчиси, Өзбекистандын элчиси, Гуанчжоу консулу, Кытай элчилери кызматынан бошотулду.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан кол коюлду.
Кыргызстандын Тажикстандагы кызыкчылыгын Мирослав Ниязовдун ордуна Жаныш Рустенбеков коргойт. Ал мурда Түркмөнстандын элчиси кызматын ээлеген.
Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп, Ибрагим Жунусов дайындалды. Ал азыркыга чейин Түркияда ушундай элчи кызматын ээлеп келген.
Президенттин жарлыгы менен Кытай жана Монголияда Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон Азамат Усенов кызматынан бошотулду. Президент бирок анын ордуна дипломат дайындай элек.
Кытай, Гуанчжоу шаарында Кыргызстандын башкы консулу Максат Тентимишовдун ордуна Искендер Орусбаев келет.
Сүрөт: kg.akipress.org