Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кара-Балта тоо-кен комбинатына уранды кайра иштетүүгө уруксат берүүнү өтүнөт.
Бул туурасында парламенттин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында Республиканын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев айтып өттү.
Ал эскерткендей, Өкмөт Кыргызстанда уран иштеп чыгууга тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алган.
“Токтомго торий да киргизилген. Биздин адистер торийди иштеп чыгууга уруксат берүү демилгеси жасады. Мындан тышкары, Кара-Балта комбинаты уран кайра иштетүү иштерин жүргүзүүдө. Бүгүнкү күндө ишкана казакстандык уран ташып келет. Биз кайра иштетүү комбинатына уруксат бермекчибиз”,-деди премьер-министр.
Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов уранды жана торийди иштеп чыгууга жана кайра иштетүүгө толук тыюу салуу жөнүндө чечимде мыйзам долбоорунун демилгечилери катуу экендигине жооп берди.
“Казакстан республикасы бул жерде иштеп чыгып жана даяр продукцияны өздөрү алып кетүүдө, ал эми калдыктар ордунан кайра турат биздин калдык сактоочу жайларда”, — деди депутат.
Аталган мыйзам долбооруна ылайык уран жана торийди иштеп чыгуу бул элементтер кошо жүрүүчү катары кеткен учурда гана уруксат берилерин белгилейбиз.