Мурунку жана азыркы президенттендердин кыл чайнашкан салгылашуусунун фонунда, либералдуубуз деген ЖМКлар өз оюнун башташты.
АКШнын мамдепартеминти каржылаган масс-медиалар, Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековтун каршылашында үчүнчү кызыкчылыкты көздөгөн жак катары чыга башташты.
Кыргызстандын президентинин батыштын ЖМКлары жана бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү сындабай бейкапар жүргөн беймаал учуру бат эле аягына чыкты. Жээнбеков медийный агенттер жана чет өлкөлүк маанайдагы бейөкмөт уюмдардын лидерлери менен достук маанайда жолугушууларды өткөрүп, Кыргызстандын өнүгүшү саясаты жана келечеги жөнүндө алар менен баарлашкан эле. Шайлоо учурунда Жээнбековту болушунча сындап, Атамбаевтин жолун улоочу катары каршы чыгып келген грантжегичтер эми бир столдо отуруп, өлкө келечегин талкуулап аткандыгы таң калычтуу болчу.
Мындай “достук” бат эле аягына келди, эми батышчыл ЖМКлар экс президент менен учурдагы президенттин ортосуна май куюп күчөтүү менен алек болуп калышты. Бир канча эксперттердин оюу боюнча, эки саясатчынын бет карашпас абалга келишине кээ бир саясий технологдор менен ЖМКлардын салымы болгон. Азыр либералдуу басылмалар Атамбаевтин Жээнбековго карата, Жээнбековтун Атамбаевге карата айткан катуу пикирлерин заматта басып чыгып, көптөгөн тиражда таратышууда. Алардын керектүү учурда өрткө май куюу боюнча мастерлигине көптөр жете бербесе керек.
Ал эми Кыргызстанда болуп өткөн бир окуя көңүл бурууга арзыйт. Саясат айдыңында жүргөндөрдүн арасында жакында эле, борбордук чалгындоо кызматынын жогорку даражадагы өкүлү демократиялык жыйын өткөрүү шылтоосу менен Кыргызстанга келгенин, келгенден кийин ал бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүн чогултуп чогулуш өткөрүп, анда Жээнбеков менен Атамбаевтин каршылыгына катуу көңүл бөлгөнүн айтып жүрүшөт. Демек, эми океандын ары жагындагылар кайсы учурда эки лидердин бирин чалып жыгып, кимисине карата керектүү компромат ыргытуу керек экенин жакшы билип калышса керек.
Катуу каршылаштын учурунда, кимдики туура жана кимдики туура эмес деген учур келет. Ошондон эки тараптын бири элди көчөгө алып чыкса. Албетте, чоң башаламандык чыгышы мүмкүн. Мына ушул башаламандыкты өз пайдасына иштетип калууну ким эле болбосун каалабасын?
Провокациялар менен суугарылган абалды, калааган жаңжал менен чоң чырга айлантып коюу оңой. Өлкөнү алсыздандыруу же аны жок кылуу боюнча мисалдар толтура. Мисалы: Сирияда ИМ тобунун пайда болушу, Украинадагы жарандык согуш, Армениядагы ак үйдөгү төңкөрүш жана башка. Ал эми Кыргызстанда кандай сценарий ишке ашып, кимдер башкы ролду ойноору алар үчүн риторикалык суроо болсо керек.