No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Пятница, 17.04.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Сабырбек Жумабеков дагы бир уникалдуу операция жасады

24.11.2018

Операциянын уникалдуулугу — протез оорулуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен чет өлкөдөн атайын заказ аркылуу алынат.

Бишкектеги Ортопедия жана травматология илим изилдөө борборунун жетекчиси, ортопед Сабырбек Жумабеков дагы бир уникалдуу операция жасады. Бул маалыматты Sput­nik Кыргызстан агенттигине аталган борбордун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков тастыктады.

Дарыгер тоталдык эндопротез деп аталган операцияны жаңы каражаттарды колдонуу менен жасап, колу кыймылдабай калган адамды майыптыктан сактап калды.

Сентябрь айынын башында катуу жыгылып, колун сындырып алган адам райондук бейтапканага кайрылган. Ал жакта сөөгүнө операция жасалып, ийин сөөгүнүн башынын майдаланып кеткен бөлүктөрү алып салынган.

«Ошондон кийин сөөктүн башы дефект болуп, колу кыймылдабай калган. Оорулуу айласыздан бизге кайрылып, Сабырбек Артисбекович ага операция жасады. Кемтик болуп калган жерге курамы адамдын сөөгүнө окшош материалдан жасалган протез коюлду. Андыктан ал бара-бара сөөккө жабышып өсүп кетет да өзүнүкүндөй болуп калат», — деди Кубатбеков.

Анын айтымында, операциянын негизги максаты — колду толук кандуу кыймылдатуу. Уникалдуулугу — протез оорулуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен атайын чет өлкөдөн заказ аркылуу алынат.

Кубатбеков бейтап операциядан кийин өзүнө келгенин, бирок дагы 10 күндөй дарыгерлердин көзөмөлүндө болорун кошумчалады. Андан соң гана мурдагыдай эки колу тең ишке жарамдуу болуп турмушун улантууга болот экен.

Булак: «Спутник»

Tags: ийгиликмедицинаоперацияСабырбек Жумабековуникалдуу операция

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

Административная реформа в Кыргызстане. Страна готовится к новой модели управления

17.04.2026
Кыргызстан

Комплекс имени Айтматова за 150 млн сомов возводят в Шекере

17.04.2026
Кыргызстан

Учения «Безопасность-2026». В Караколе введут комендантский час

17.04.2026
Безопасность

Смертельный наезд в Чуйской области. Пятилетняя девочка погибла

17.04.2026
Безопасность

На борту рейса Бишкек–Ош произошел инцидент с кислородом

17.04.2026
Безопасность

В Раде признали неготовность Украины к вступлению в ЕС

17.04.2026
Кыргызстан

Нацбанк КР увеличил продажи валюты сверх уровня прошлого года

17.04.2026
Безопасность

Трамп надеется на скорое завершение конфликта на Украине

17.04.2026
Кыргызстан

В Бишкеке перекроют участок улицы Фрунзе

17.04.2026
Новости

Лула заявил о последствиях политики Трампа для мира

17.04.2026
Безопасность

Иран требует привлечь США и Израиль к ответственности

17.04.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире