Саламаттыкты сактоо министри, Вероника Скворцова урандыдан куткарылган Магнитогорскийдеги 11 айлык баланын ысымы Ваня болгон. Жабырлануучу дээрлик жыйырма төрт саат суукта калган. Наристени тез жардам менен Москва шаарындагы хирургия бөлүмүнө жеткирилген.
Азыркы учурда, наристенин өмүрүнө коркунуч жок, ал оор, бирок туруктуу абалда. Бир күндүн аралыгында көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Наристенин мээси толугу менен сакталган жана туура иштеп жатат. денесинде көгөргөн жерлери бар жана башында өтө терең эмес жаракат бар.
Азырынча наристеге эч кандай операция жасала элек, наристенин өтө начар абалынан улам, дарыгерлер мындан да абалы начарлап кетишинен коркуп жатышат. Олуттуу көйгөй азырынча наристенин оң буту кесип салынышы мүмкүн. Аз да болсо наристенин кан жүгүртүүсүн дарыгерлер жакшырта алды.
Сүрөт: visualrian.ru