Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Самара Каримованын Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайдын мүдүрлүгүнө дайындоо боюнча буйрукту артка кайтарып алды.
Анын сөзүндө, Каримованы бул кызматка коюу туура эмес болгон.
«Самара Каримованы кызматка мага чейин 24-октябрда дайындашкан. Акыркы эки күндө биз, бардык документтерди карап талдап чыгып, биз статс-секретар бул документти Ташкентте Кыргыз маданиятынын күндөрүндө жүргөн кезинде кол койгонун жана кызматтык командировкада жүрүп мындай буйрукка кол коюу мыйзамсыз экенин аныктап чыктык. Бүгүн мен Самара Каримованы мыйзамсыз кызматка дайындалгандыгы үчүн ал буйрукту чакыртып алдым. Бүгүнтөн баштап, ал музыкалык окуу жайдын мүдүрү эмес», — деп, министр премьер-министрдин атына, статс-секректарга эскертүү берүү боюнча сунуш жөнөткөнүн белгиледи.
Эстарадалык ырчы Самара Каримова «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамына ээ. Былтыр дагы «Сулайман Тоо» музейине мүдүр болуп дайындалган, бирок, элдин сынынан кийин өзү ал кызматтан баш тарткан.