No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Воскресенье, 05.07.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Сан-Францискодо сот Трамптын жарлыгына убактылуу бөгөт койду

Сан-Францискодогу федералдык сот президент Дональд Трамптын Мексика тараптан мыйзамсыз өткөн мигранттарга башпаанек бербөө жөнүндө жарлыгына убактылуу бөгөт койду. Ал 19-декабрга чейин күчүндө турат.

Президент Трамптын администрациясы АКШга Мексика аркылуу мыйзамсыз кирген мигранттардын качкын макамын алууга арыз беришине бөгөт койгон чектөөнү 8-ноябрда киргизди. Иммигранттардын адвокаттары бул чечимди дароо сынга алып, ал АКШнын азыркы мыйзам жоболоруна каршы келерин билдиришти.

Бирок Ак үй “эгер улуттук кызыкчылыктагы иш деп тапса”, президентте иммиграцияны чектегидей ыйгарым укук бар экенин жүйө келтирди. Вашингтондун көз карашында, эски эрежелер мыйзамсыз миграцияга шыкак берип жатат.

Кошмо Штаттардын мыйзамы боюнча мекениндеги куугунтуктан же кыянатчылыктан качкандар АКШнын аймагына кандай шартта киргенине карабай башпаанек алууга укуктуу.

Жаңы эреже көбүнесе Борбордук Америка өлкөлөрүнөн - Гватемаладан, Гондурастан, Сальвадордон келген мигранттарга тиешелүү.

Борбордук Америкадан келаткан мигранттардын жаңы агымын утурлай Пентагон ушул айдын башында Мексика менен чек арага 5200 жоокерди жайгаштырган. Ага чейин быйыл апрелде да АКШнын Мексика менен чек арасына Улуттук гвардиянын 2100 жоокери жөнөтүлгөн.

Азаттык

Tags: АКШмигрантсот

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Безопасность

Путин заявил, что европейские «миротворцы» добиваются продолжения войны

04.07.2026
Безопасность

В Бишкеке изъяли около 5 кг гашиша в ходе спецоперации

04.07.2026
Безопасность

Аномальная жара во Франции унесла свыше 2 тыс жизней

04.07.2026
Кыргызстан

Более 40 человек отравились после торжества в Узгене

04.07.2026
Новости

Соцфонд внедряет автоматическое назначение пенсий без визита граждан

03.07.2026
Коррупция

Счетная палата выявила почти миллиард сомов нарушений в «Кыргызнефтегазе»

03.07.2026
Кыргызстан

В Бишкеке с 3 июля запускают ночные автобусные маршруты

03.07.2026
Безопасность

Зеленский раскритиковал Европу за срыв поставок ракет Украине

03.07.2026
Кыргызстан

Жапаров обязал мэров Бишкека и Оша встречаться с жителями дважды в год

03.07.2026
Безопасность

Взрыв в Монако: украинку подозревают в покушении на Ермолаева

03.07.2026
Кыргызстан

США предложили Ирану сделку по Ормузскому проливу в обмен на активы

03.07.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире