Сауд өнүктүрүү фонду Кыргыз Республикасына жаңы мектептердин курулушуна 30 миллион доллар берет. Бул тууралуу бүгүнкү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик агенттиктин архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба алкагындагы басма-сөз жыйынында Бактыбек Абдиев маалымдады.
Иш-чаранын жүрүшүндө Бактыбек Абдиев маалымдагандай, бөлүнгөн каражатка 27 окуу жай курулат. Бүгүнкү күндө курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө тендерлер өткөрүлгөн.
Аны менен бирге мамлекеттик агенттиктин директору айтып өткөндөү, КР билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, республиканын 17 билим берүү мекемеси авариялык абалда тураарын билдирди.
Маалыматка ылайык, бул мектеп область боюнча күн батереясы аркылуу жылытылган алгачкы мектеп болуп саналат.
Абдиев маалымдагандай, авариялык абалда турган 8 мектеп азыркы жылга «капиталдык салым» беренеси боюнча тизмеге киргизилген, калгандары боюнча долбоор алдындагы документтерге 10 миллион сом каралган. Кийинки жылдын башынан тарта бул окуу жайлардын курулушун баштоо пландаштырылууда.