Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын Саясий кеңешинин мүчөсү Эрмек Окенов маалымдагандай, белгисиз милициянын кызматкерлери үйүнө бастырып киришкен.
Ал маалымдагандай үйүнө эки аял, тергөөчү, автрматтар менен эки эркек келген. Ошол учурда СДПК мүчөсү үйдө жок болгон, бирок анын аялы менен балдары бар болгон. Буну көргөн, белгисиз кишилер кетишип, бирок бүгүн эртең менен кайтып келишкен.
«Мен ушул убакта балдарымдын бири менен Ысык-Көлдө болчумун. Жубайым кишилердин күбөлүгүн сураганда, алардын бири тез, кандайдыр бир документ көрсөтүп, тартып алган. Аялым эч нерсеге түшүнбөй калган. Кечээ, ага мени зордуктоого аракет жасаган деген шек менен келгенин айткан. Бүгүн, мени зордуктоо жана мушташууда шектешип жатканын айтышкан. Участоковый келип, ал суроолорду берип кайра кеткен. Биз Ленин РИИБнын 10-бөлүмүнүн начальниги Рамис Мусаевден эмне болуп жатканы тууралуу сураганыбызда ал дагы эч нерсе билбегенин айтты», — деп комментарий берди Эрмек Окенов.
ШИИБ маалымдагандай, Океновго карата учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. Милиция кызматкерлери башка комментарий беришкен жок.