Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бүгүн үчүнчү суракка чакыруу алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Жолдубаева сурактын чоо-жайын эч кимге жайылтпоого кол койгонун айтты. Бирок, аны экс-президенттин Кой-Таш айылындагы резиденциясындагы башаламандык убагында атайын багыттагы офицерлерди барымтага алуу тууралуу суракка алышканы белгилүү.
Мурда Жолдубаева белгилегендей, аскерлерди барымтага алышкан эмес, алар көпчүлүктөн чыгууга аракет кылышкан. Бирок, КСДПнын расмий өкүлү көрсөтүлгөн ультиматумду кандай чечмелесе болот деген суроого жооп бере алган жок.