No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Воскресенье, 07.06.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Шайлоодогу акча шек жаратты

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов «президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган» деген каражаттарынын тизмесин жарыялады. Ал бул маалыматты Жээнбековдун штабында иштеген ишенимдүү адам бергенин айтып, штабга кирген-чыккан акчанын “Excel” формасындагы файлын “Фейсбуктагы” баракчасына койду.

Токтакунов өз билдирүүсүн “Азаттык” радиосуна да ырастап, Сооронбай Жээнбековдун штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 96 175 сом иштетпегенин айтты. Укук коргоочунун айтымында, Жээнбековдун штабы реалдуу түрдө шайлоого 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 АКШ долларын жумшаган. Ал бул каражаттар штабга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү адамы саналган Икрам Илмиянов аркылуу чогултулган болушу мүмкүн деп эсептейт.

Нурбек Токтакунов бул мыйзам бузуу экенин айтып, сөз болуп жаткан жагдайлар азыркы президентке импичпент жарыялоого негиз түзөт деп эсептейт.

Жарыяланган тизмеде штабга ондогон адамдардын канча акча төккөндүгү, аткарылган иштерге канча акча бөлүнгөнү жана президенттикке талапкердин ишенимдүү адамдарына бөлүнүп берилген суммалар көрсөтүлгөн. Алардын ичинде Туманов, Примов аттуу адамдардан да бир млн. сомдон ашык акча түшкөнү, ал эми Тайырбек Сарпашев 7 млн. 890 миң сом, Марат Аманкулов 2 млн. 260 миң сом алганы жазылган.

2017-жылы президенттик шайлоодо Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) көрсөтүлгөн талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабын ушул партиянын мүчөсү Фарид Ниязов жетектеген. Ал кийин Жээнбеков президент болуп шайланганда анын аппаратын жетектеп, кызматын өз каалоосу менен тапшырып берген.

Президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева «Азаттыкка» «бул фейк маалымат экени көрүнүп турат, мөөрү жок, кол тамга жок. Фейк маалыматка комментарий бербейбиз» деп жооп берди. Ал ошондой эле «президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүн каржылоо боюнча маалыматтардын баары өз убагында расмий жарыяланып, БШКга берилген» деп кошумчалады.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева болсо “бул документти партиянын катчылыгы изилдеп жатканын, кийинчерээк кенен комментарий болорун» айтты.

Маалым болгондой, Нурбек Токтакунов КСДПнын төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин орун басары, камакта отурган экс-премьер-министр Сапар Исаковго адвокаттык кылып жүрөт. Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иштерге байланыштуу кармалган.

Tags: акчаукук коргоочушайлоо

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Кыргызстан

В Бишкеке произошло крупное отключение электричества

06.06.2026
Новости

Лавров назвал русский язык основой культурного наследия России

06.06.2026
Кыргызстан

МЧС показало последствия селя в Иссык-Кульской области с воздуха

06.06.2026
Uncategorized

Группа евродепутатов потребовала лишить Зеленского европейской награды

06.06.2026
Кыргызстан

На Иссык-Куле продолжаются поиски пропавшего после схода селя мужчины

06.06.2026
Кыргызстан

Кыргызстан и Беларусь подписали соглашения на 5 млн долларов

05.06.2026
Кыргызстан

Беларусь и Кыргызстан намерены увеличить товарооборот до 500 млн долларов

05.06.2026
Кыргызстан

Путин и Мирзиёев дали старт строительству первой АЭС в Узбекистане

05.06.2026
Безопасность

США могут отказаться от размещения ракет Tomahawk в Германии

05.06.2026
Кыргызстан

Жапаров выступил за реформу санкционной политики ООН

05.06.2026
Новости

Зеленский выступил за личные переговоры с Путиным

05.06.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире