ШКУ өлкөлөрүнүн спорт мекемелеринин жетекчилеринин орун басарлары Ысык-Көл облусунун аймагында биргелешкен жыйын өткөрүштү. Аталган маалыматты Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуу Чолпон-Ата шаарында 4 жана 5-апрелде болуп өттү. Талкууга Кыргызстандын, Казакстандын, Индиянын, Пакистандын, Кытайдын, Россиянын, Өзбекстандын жана Тажикстандын өкүлдөрү катышышты.
Спорт тармагындагы мамилелерди өнүктүрүү тууралуу документтин долбоорун Тажикстан сунуштады. Эксперттер ШКУнун жыйыны катчылыгына анын уюм мамлекеттеринин улуттук координаторлорунун Кеңешинин кароосуна киргизүүнү сунуштоо тууралуу чечим кабыл алды.
ШКУнун курамына кирген мамлекеттер документти азырынча беките элек, бирок 14 спорт багыттары боюнча биргелешип иштөө жөнүндө сөз болуп жатат.
Аталган макулдашуу өз ара аракеттенген тараптарга аталган спорт тармагындагы ишти активдештирүүгө жардам берет: •жогорку жетишкендиктердин спорту;
•массалык спорт;
•майыптар спорту;
•балдар жана жаштар жана аялдар спорт;
спортто билим алуу;;
•спорттук медицина;
•спорттогу волонтердук кыймыл;
•спорттук илим;
•спортто допингди колдонуу менен күрөшүү;
•ири спорттук иш-чараларды өткөрүү;
•спорт тарыхы;
спорт чөйрөсүндө машыктыруучу жана педагогикалык кадрларды даярдоо;;
•спорттук психология;
•спорт башкаруу.
Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) — эл аралык аймактык уюм, анын курамындагы Азия өлкөлөрү: Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистан. Уюм 2001-жылы негизделген, анын штаб-батири Пекинде жайгашкан.