Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттөр аралык комиссиянын Кыргызстан жана КЭР өз ара аракеттенүү боюнча соода-экономикалык чөйрөдө өтүп борбордо өтүп жаткан 14-отурумуна катышты.
“Эки мамлекеттин ортосундагы өнүгүүнүн негизги багыттарынын бири – бул соода. Өткөн жылы Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү чейректе өстү. 2019-жылдын алгачкы үч айында товар жүгүртүү 472 миллион долларды түздү жана 12 процентке өстү.
Биз КЭРден кыргызстандык товарларды жеткирүү маселеси боюнча Жол картасына кол коюу тууралуу сунуш киргизебиз. Мындан тышкары, айыл чарба органикалык азык – түлүктөрүн Кыргызстандан экспорттоо жаатында протоколду талкуулоону активдештирүү зарыл”, – деп белгиледи Боронов.
“Биздин мамлекеттер ортосунда соода алмашууну мындан ары өнүктүрүү, транспорт маселелерин жөнгө салууга мүмкүндүк берет. Биздин эки тараптуу мамилелерибизди тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу, ошондой эле Кытайга жана кайра алып келген айдоочулар үчүн токтотуучу факторлорду жоюу талап кылынат.
Кыргызстан жана КЭР калк арасындагы жаңы аба жолдору менен авиакаттамдардын ишке киргизилиши мүмкүндүгүн талкуулоону сунуштайбыз”, – деди вице-премьер-министр.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташуу боюнча комиссиянын 14-жыйынынын протоколуна кол коюу болуп өттү.
Сүрөт: kyrtag.kg