No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Пятница, 26.06.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Сооронбай Жээнбеков: Бийлик системасындагы коррупцияга каршы күрөш уланат

«Бийлик системасындагы коррупцияга каршы күрөш уланат. Анткени, эл башкарам деген адам эң биринчи кезекте өзү таза болуш керек», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-октябрда, Нарын районунун жана Нарын шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушууда.

Мамлекет башчысы бул анын президенттик ишиндеги эң приоритеттүү багыт бойдон калаарын белгиледи.

«Укук коргоо органдарында, сот системасында, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарында да коррупцияга каршы күрөш токтобойт, күчөйт», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана атайын эсеп ачылып, ал эсепке коррупция менен күрөштүн натыйжасында өндүрүлгөн акча которула баштаганын эске салды.

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайлангандан берки тышкы саясат, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, коррупция менен күрөш, сот жана укук коргоо органдарындагы реформалар, билим берүү жана саламаттыкты сактоо системаларынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча өз ишмердиги жөнүндө айтып берди.

«Эң негизги максатым — мамлекеттүүлүктү бекемдөө, элибиздин жашоосун жакшыртуу. Президенттик кызматка киришкенден бери биринчи кезекте биздин стратегиялык өнөктөштөр жана коңшу мамлекеттер менен мамилени бекемдөө багытында үзгүлтүксүз иштедим. Алар Россия, Кытай, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Евросоюз институттары», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, ЕАЭБдин алкагында Россиядагы кыргызстандык мигранттардын эмгек шарттары жакшырды. Россиянын Президенти Владимир Путин менен болгон бир катар жолугушуулар жана талкуулардын натыйжасында РФнын «кара тизмесине» кирип калган мекендештерге «миграциялык ырайым» берилди.

КР Президентинин 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгы тууралуу айтып, Сооронбай Жээнбеков бул багыттагы жумуш кийинки жылдары да улана турганын белгиледи.

«Биз аймактарды өнүктүрүү, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо, ирригацияны жакшыртуу, тышкы жана ички миграцияны азайтуу, жеткиликтүү насыялар менен камсыздоо, биздин жарандардын, медицина, билим берүү жана маданият кызматкерлеринин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча ишти улантабыз», — деп белгиледи Президент.

Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду, «Кепилдик фонд» ААКы, «Айыл Банк» жана «РСК Банк» анын тапшырмасы менен аймактардагы ишкерлерди каржылоо үчүн керектүү шарттарды түзүү жана колдоо ишин активдештиргенин белгиледи.

Мамлекет башчысы жеңилдетилген ипотекалык насыялоонун принциптери жана шарттары, транспорт инфраструктурасын жакшыртуу, сот-укуктук реформаны ишке ашыруу маселелерине кеңири токтолду.

Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында өттү. Президент Сооронбай Жээнбеков жана тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери Нарындын жашоочуларынын суроолоруна жооп беришти.

Суроолор аймактарды өнүктүрүү, коррупция менен күрөш, социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу, транспорттук инфраструктураны куруу, таза суу, электр жарыгы жана көмүр менен камсыздоо, социалдык объектилерди оңдоп-түзөө жана куруу, кадрдык саясат жөнүндө болду деп жазат президеттин расмий сайтында.

 

 

Булак: NazarNews.kg

Tags: коррупцияКыргызстанмамлекетРоссиясистемаСооронбай Жээнбеков

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

Манипуляции религией как угроза национальной безопасности Кыргызстана

24.06.2026
Безопасность

Россия заявляет о росте напряженности на границе Украины и Беларуси

24.06.2026
Кыргызстан

Кыргызстан нарастил экспорт обуви. Более 620 тыс пар ушли за рубеж с начала года

24.06.2026
Кыргызстан

Выборы президента Кыргызстана могут перенести на 27 января

24.06.2026
Кыргызстан

Кыргызстан назвал ШОС ключевым механизмом развития экономики и инвестиций

24.06.2026
Безопасность

Путин: Запад не решается на удары из-за риска ответной реакции России

24.06.2026
Безопасность

В Бишкеке задержали подозреваемого в сбыте наркотиков с партией на миллионы сомов

24.06.2026
Кыргызстан

Жапаров призвал родителей ограничить использование смартфонов детьми

24.06.2026
Безопасность

США создадут полигоны для моделирования условий конфликта на Украине

24.06.2026
Кыргызстан

Зарплаты чиновников Кыргызстана вырастут на 50% с сентября

24.06.2026
Безопасность

Путин заявил о попытках Киева создать иллюзию сильных позиций перед переговорами

24.06.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире