Президенттин басма-сөз кызматы маалымдагандай, бүгүн, 16-мартта Сооронбай Жээнбеков, Германияга эки күндүк, расмий иш сапары менен жөнөп кетти. Эки президенттин: КР президенти Сооронбай Жээнбеков жана ГФР президенти Франк-Вальтера Штайнмайер жолугушуусу мамлекеттик деңгээлде өттү.
Мамлекет башчылары биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин Сооронбай Жээнбеков Германиянын эли үчүн эң жакшы каалоо менен ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды. Лидерлер эки өлкөнүн делегацияларынын мүчөлөрү менен тааныштырышты, андан кийин президенттер аскердик салтанатты көрүштү, эки өлкөнүн гимнин коюлду, Бундесвера ардак кароолун көрүштү.
Салтанат аяктагандан кийин Сооронбай Жээнбеков жана Франк – Вальтер Штайнмайер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн президенттердин резиденциясына жөнөп кетишти.
Сүрөт: ca-irnews.com