Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен Касым-Жомарт Toкаевди куттуктады.
«Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын стратегиялык өнөктөштүк, достук, союздаштык жана жакшы кошуналык мамилелер элдерибиздин жыргалчылыгы жана гүлдөп өнүгүүсү үчүн бирдиктүү аракети менен бекемделиши керек болуп калат деп ишенем. Учурдан пайдаланып, урматтуу Касым-Жомарт Keмелович, сизге чың ден-соолук каалайм. Сизге бакубатчылык жана мамлекеттик ишиңизде ийгилик, ал эми бир тууган Казакстан элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», — деп президент Сооронбай Жээнбеков өз куттуктоосунда билдирди.
Эске салсак, Касым-Жомарт Toкаев, Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын экс-спикери болгон, өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, түз эфирде Казакстан республикасынын президенти кызматынан кетиши жөнүндө жарлыкка кол койгондон кийин, президенттик кызматка киришкен.
Сүрөт: mir24.tv