Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү Сот-медициналык экспертиза борборунун Жалал-Абад облусу боюнча бөлүмүнүн башчысын пара менен кармады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Сот-медициналык экспертиза борборунун Жалал-Абад облусунун Аксы району, Шамалды-Сай жана Таш-Көмүр шаарлары боюнча аймактар аралык бөлүмүнүн башчысы жалган соттук-медициналык корутунду чыгарып берүү үчүн акча талап кылып жатканын айткан.
Аталган факты Жоруктар жана кылмыштар боюнча бирдиктүү реестрге Кылмыш-жаза кодексинин “акча талап кылуу” беренеси боюнча каттоого алынган.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бөлүм башчы 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Шектүү жаран Бишкектеги №1 убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.