Бишкектин район аралык соту “Коопсуз шаар” долбоору боюнча көз каранды эмес комиссиянын чечимин жокко чыгарды. Бул аркылуу сот Орусиялык “Вега” концернин жеңүүчү деп эсептеген тендердик комиссиянын чечимин мыйзамдуу деп тапты.
Жеңилген тарап эми 30 күн ичинде апелляциялык арыз менен кайрылууга укугу бар.
Маалым болгондой, комиссия буга чейин Мамлекеттик сатып алуу департаменти түзгөн комиссия тендерде утуп алган орусиялык “Вега” компаниясы “талапка жооп бербейт” деген чечим чыгарган. Буга макул болбогон Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети сотко кайрылган. Комитет аталган компания мыйзамдуу тандалган деп эсептейт.
Кыргыз өкмөтү жолдогу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган “Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизүүгө убада берип келатканына беш-алты жыл болуп калды. Аны ишке ашыра турган инвесторду тандоо боюнча алты-жети жолу сынак өткөрүлүп, баары тең үзгүлтүккө учурады.
Быйыл 4-сентябрда өткөн бешинчи тендерде жеңген орусиялык “Вега” компаниясы долбоорду 1 млрд. 195 млн. сомго ишке ашырууга макул болгон. Бирок сынакка катышкан дагы бир орусиялык “Маалымат тутумунун коопсуздугу” ишканасы ““Вега” концерни бир катар маалыматтарды жашырган” деп арыз жазган.
Териштирүүдөн соң бул арызды Мамлекеттик сатып алуу департаментинин карамагында түзүлгөн комиссия карап, аны “негиздүү” деп тапкан.