Учурда Ачы сайында 15000 м3 суу топтолуп, жер көчкүнүн үстүнөн агууда.
Сузакта жер көчкү түшүп, убактылуу жабылып калган ички чарбалык унаа жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 23-октябрда Акчалуу айылында көлөмү болжол менен 72000 м3 жер көчкү түшүп, Ачы сайынын суусун бөгөп калган.
Турак үйлөргө коркунуч жок.
Жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Мундуз – Кара-Көл ички чарбалык унаа жолу убактылуу жабылып, унаалар айланма жол аркылуу каттоодо.