Бишкек шаарындагы Свердлов райондук администрациясынын башчысы — аким болуп Мурат Осмонов дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мурат Осмонов кесиби боюнча физик-инженер жана юриспруденция багыты боюнча билими бар. Буга чейин ал Сокулук районунун администрациясынын аппаратын жетектеген.
Тиешелүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койгон.
Свердлов районунун мурунку башчысы Самарбек Болотбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу өз каалоосу менен, кызматтан кетүүгө арыз жазган.
Сүрөт: 2gis.kg