Октябрь райондук соту Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринде киши өлүмүнө алып келген мушташтын жыйынтыгы боюнча чечим чыгарды.
АКИpress маалымат агенттиги билдиргендей мушташка катышкан жарандардын бири эки ай айга сурак мөөнөтү бүткүчө №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми экинчи мушташтын катышуучусун өспүрүм куракта болгондуктан Вознесеновка айылындагы балдар колониясына жөнөттү.
Белгилүү болгондой, 28-октябрда саат 01:30 чамаларында Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө түнкү клубдардын биринде мушташ болуп жаткандыгы тууралуу кабар келип түшкөн.
Окуя болгон жерге Октябрь райондук ички иштер кызматкерлери барып, ишти көзөмөлгө алып, териштирүү иштери башталган. Мушташтын жыйынтыгында 2000-жылкы жигит эсине келбей тез жардам кызматкерлери алып кетип бара жаткан жеринен каза болгон. Териштирүүнүн жыйынтыгында балдардын ортосунда уруш чыгып, кийин ал мушташка айланган. Каза болгон жигит мушташ учурунда запкы жеп, анын себебинен улам жан берген.
Бул иш боюнча Октябрь районунун тергөө кызматкерлери тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 104 б.4 беренеси боюнча (атайын адамдын ден соолугуна залал келтирүү) боюнча иш козголгон.
Оперативдик-изилдөө иштеринин жыйынтыгында Октябрь районунун кызматкерери тарабынан Бишкек шаарынын жогорку окуу жайларынын биринде окуган М.у.А. жана О.Р., аттуу жарандарды кармашкан.