Режиссер Темир Бирназаров тарткан “Түнкү кырсык” көркөм тасмасы АКШнын “Алтын глобус” сыйлыгына ат салышууда. Кинематография департаменти билдиргендей, аталган фильм “Мыкты чет элдик фильм” номинациясында сынактын узун тизмесине кирди.
Биринчи тепкичтен өткөндөр кыска тизмеге илинет, ал 8-декабрда аныкталат. Жеңүүчүлөр 2019-жылдын 6-январында белгилүү болот.
“Алтын глобус” — Голливуддагы чет элдик басма сөз бирикмеси берчү сыйлык.
Кыргызстандагы “Оскар” комитети режиссер Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасын АКШнын “Оскар” сыйлыгына да сунуш кылган.