Түркия Кыргызстанга аскердик жардамдын көлөмүн көбөйтөт. Бул туурасында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматын аткарып келген Ибрагим Жунусов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, Түркия буга чейин 1 млн долларлык аскердик жардам көрсөтүп келсе, 2019-жылдан тартып ал сумма 2 миллионго көбөйөт.
Ушул тапта Башкы штабдын жетекчилиги Түркияда жүрөт.
13-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Кыргызстандын Өзбекстандагы элчисинин кызматына Ибрагим Жунусовдун талапкерлигин жактырган. Аны бул кызматка Тышкы иштер министрлиги сунуштады.