Көп адамдар чет өлкөгө барып, ал жакта жашоо эмес – бейиш экенин өз көздөрү менен көргүсү келет. Ошентип, адатта, чет өлкөгө барган көптөгөн туристтер ушинтип айтышат.
Бирок, жагымдуу курорттук шаарлар ар дайым эле жакшы эс алууга шарт түзө албайт. Кээде адамдын өмүрүнө коркунуч туудурат жергиликтүү калкка эле эмес, алыстан келгендерге да.
Бул жагымсыз окуя түркиянын Измиринде болду.
Haberler Басылманын маалыматы боюнча, ушул шаарда, белгисиз адамдар жергиликтүү тургундун унаасына ок атышкан. Окуянын жыйынтыгында Кыргызстандын жараны, Эльнура Турманбетова жабыр тарткан. Ал октон жаракат алган.
Кырсык, 16-марттан 17-мартка караган түнү болгон. Авто унаада 36-жаштагы Фехми Арман рулда болгон.
Куралдуу кол салуучулар машинанын арт жагынан ок ачкан. Кыргызстандык жаран арткы орундукка отурган, ок эшикти тешип өтуп, аялга тийген.
Эльнура Турманбетова Эгейск универститетинин алдындагы ооруканада операция болду. Учурда дарыгерлердин айтымында, абалы канааттандырарлык. Ал интенсивдүү терапия бөлүмүндө которулган.
Измир шаарынын прокуратурасы бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Полиция ок аткан жана окуяга тиешелүү кылмышкерлерге издөө жарыялады.
Стамбул шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугу Эльнура Турманбетованын жаракат алгандыгы боюнча фактты тастыктады. Учурда окуя боюнча иликтөөлөр жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: ru.sputnik.kg