Түркиянын Анкара шаарында өткөн “15-июлдагы эскерүү” арналган иш-чарага Дастанбек Жумабеков жетектеген Кыргызстандын парламентинин делегациясы кечээ катышкан.
Парламенттин басма сөз борборунун маалыматы боюнча, бул иш чарага айрым мамлекеттердин парламенттеринин башчылары жана депутаттары да катышышты.
Каза болгондордун мүрзөлөрүнө гүлдөрдү коюу аземи Анкарада “Каршыккая” көрүстөнүндө өттү.
Парламенттин делегациясынын расмий сапары эки тараптуу деңгээлде жолугушууларды улантат.
Ошондой эле кыргыз делегациясы эскерүү иш-чараларына чакырылып, ага Түркия республикасынын башчысы Реджеп Тайип Эрдоган катышат.
Эскерте кетсек, кыргыз делегациясында Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Акматов, Искандер Гайпкулов, Зиядин Жамалдинов, Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев, ошондой эле Талант Мамытов.
Белгилей кетсек, үч жыл мурда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети жүрүп, анын натыйжасында Анкара шаарында 250 киши набыт болуп, бери дегенде 2,2 миң адам жарадар болгон.
2016 жылдан тартып, Түркияда 15-июлда демократия жана Улуттук биримдик күнү катары белгилейт.