Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Түркиядагы Кыргызстандын жаранынын өлүмүнүн себебин териштирүүнү баштады.
Буга чейин Түркиянын маалымат каражаттары билдиргендей, укук коргоо органдарынын кызматкерлери өз колготкисине асылып алган, Кыргызстандык кыздын денесин, Адана шаарынан табылган.
Маалымат боюнча аял 31 жашта болгон. Ал бала кароочу болуп иштеген. Анын сөөгү соттук-экспертиза жүргүзүү үчүн моргго жеткирилген. Ошондой эле бул өзүн-өзү өлтүрүүбү же бирөө өлтүрдүбү билиш керек.
MИД азырынча бул тууралуу эч нерсе айта албайт, анткени Түркия аялдын өлүмү тууралуу расмий маалымат берген жок. Бирок, сот териштирүү башталды жана Түркияга суроо-талаптар жөнөтүлдү.
Сүрөт: novayagazeta-ug.ru