Бүгүн маалым болгондой, Алматыга мелдешке келген 14 жаштагы мектеп окуучусунун өлүмү белгилүү болду. Казак маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, кырсык 2003-2004 жылы төрөлгөн, балдар арасында бешсайыш мелдеши учурунда болгон.
Күбөлөрдүн айтымында, бала жеңил атлетика учурунда мүдүрүлүп жыгылып түшкөн. Ага дароо биринчи жардам көрсөтүү үчүн медицина кызматкерлери келген. Тез жардам унаасы жарым саатта келген. Ушул убакыттын ичинде өспүрүм тирүү болгон. Өспүрүм тез жардам унаасында каза болгон. Жарыш дароо токтотулуп, уюштуруучулар, катышуучуларды ал жерди бошотуп коюсун суранган.
Ал бала Бишкек шаарындагы №12 мектепте билим алганы белгилүү болду. Каргашалуу өлүмдүн себебин билүү мүмкүн болгон жок. Мектеп, этикалык нормаларга таянып окуучу тууралуу жеке маалыматтарды ачыкка чыгаруудан баш тарткан. Бул иш-чаранын уюштуруучулары да эч нерсе айта элек.
Сүрөт: ritual.ru