Кыргызстан менен Өзбекстан дагы эки талаштуу делген Шахимардан (толугу менен) жана Кандыжон-Булак (жарым-жартылай) чек ара сызыктарын белгилешти. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
2018-жылдын 15-21- октябрында Наманганда эки өлкөнүн Өкмөттүк жумушчу делегациялары Өзбекстан жана Кыргызстандын мамлекеттик чек араларын делимитация жана демаркация боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ушундай жыйынтыкка келишкен.
«Тараптардын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Жалал-Абад облустарына чектешкен Шахимардан жана Кандыжон-Булак тилкелеринин чек ара сызыгы такталды» – деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун жыйынтыгында протокол кабыл алынып, сүйлөшүү достук маанайда өтүп, конструктивдүү диалог болгону белгиленет.
Эске сала кетсек буга чейин август айында Өзбекстандын Фергана облусу жана Кыргызстандын Баткен облусунун аймагындагы – Шахимардан жана Газнов чек ара тилкелери такталып жазылган.