Ташкентте Кыргызстандын жараны, жергиликтүү ички иштер башкармалыгына жумушка орнотом деп аял кишиден 2000$ алган. Алдамчы пара берүү учурунда кармалды деп Өзбекстандын ички иштер министрлиги билдирди.
Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, жергиликтүү ички иштер бөлүмүндө Ташкент шаарынын тургуну, 29- жашар Умиданын кайрылуусу катталган.Укук коргоо органдарына Юсупту, (эркек киши жабырлануучуга атын ушундай атаган) камакка алууну өтүнгөн. Шектүү, белгилүү өлчөмдө, акчага Ташкент шаардык ички иштер бөлүмүнө жумушка орнотууну сунуштаган.
Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, Кыргызстандын тургуну, Өзбекстандын жарандыгы жок болгон. Мурда автокырсыкта, жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн соттолгон. ГУВД кызматкерлери Юсупту өз автоунаасында 1000$ өлчөмүндө пара берүү учурунда кармалган. Бул факты боюнча, шектүүгө кылмыш иши козголгон
Сүрөт: mport.ua