Ош шаарындагы таштанды полигонунан целлофан мүшөк салынган жаңы төрөлгөн наристенин өлүгүн табышкан
Бул тууралуу turmush.kg бийлик органдарына шилтеме берүү менен билдирет.
Алдын ала маалыматка караганда, белгилүү жашаган жери жок адамдар Ош шаарындагы таштанды үчүн полигондун аймагында коробкага жаңы төрөлгөн баланын денесин таап алышкан. Киндиги менен бирге наристени целлофан пакетке ороп таштаган.
Ымыркай кыздын денеси шаардык таштанды салуучу контейнерлердин бирине ташталып, андан кийин полигонго Жапалак айыл өкмөтүнө жеткирилип берилген.
Баланын өлүм фактысы боюнча тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлөт. Эненин өздүгү такталууда.
Сүрөт: Islam.kz