Тажикстандын Хожент шаардык соту исламдын өлкөдө тыюу салынган салафилик багытына “үгүттөгөн” сегиз жигитке өкүм чыгарды. Соттолгондордун төртөө студент, бири арабакеч, калгандары университетти жаңы бүтүргөндөр. Тергөөдө алар калаанын Себзор аймагында батирди ижарага алып, чогуу жашаган деп айтылат.
Соттун маалыматы боюнча, 18 жаштагы Комрон Назмиддинов досу Абдуназар Назаров менен бирге жаштарга салафиликтин идеялары тууралуу баян жасашкан. Сот Назмиддинов менен Назаровду алты жылдык жаза чектеп, күчөтүлгөн абакка кести. Калгандары кылмышты жашырган деп алты айга соттолушту. 20-ноябрда чыккан сот өкүмү азырынча күчүнө кире элек.
Тажикстандын Жогорку соту салафилик диний агымын жайылтууга 2009-жылы тыюу салып, ал эми аны 2014-жылы экстремисттик уюм деп тапкан.