Тажикстандын Хожент шаарындагы күчөтүлгөн тартиптеги абакта ызы-чуу чыгып, күч органдары аны басууда 25 соттолуучуну өлтүрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, мындан тышкары укук коргоо органдарынын да 2 кызматкери көз жумган.
Айрым маалыматтар боюнча, жаңжал түрмөдөгү “Ислам мамлекети” террордук уюмунун мүчөсү болуп камалган адам күзөтчүгө кол салгандан улам болгон. Өз кезинде күзөтчүлөр тартип сакчыларын чакырган. Бийлик аталган шаардагы түрмөдө жаңжал чыкканын ырастаганы менен, адам өлүмдөрү боюнча расмий комментарий берүүдөн карманып тургандыгы жазылган маалыматта.