Буга чейин 8-ноябрга караган түнү Тажикстандын Хожент шаарында жайгашкан түрмөдө жаңжал чыгып, 25 кылмышкер октон каза болуп, айрымдары качып кеткени айтылган. Окуядан кийин чет элдик ЖМКлар кагылышуу учурунда каза болгондордун сүрөтүн жарыялап, алардын саны 47ге жеткенин жазышкан.
Жергиликтүү маалымат каражаттары Жазаларды аткаруу кызматынын башчысы Иззатулло Шарифзода кызматтан алынганын маалымдады. Өлкө президенти 23-ноябрда кол койгон жарлыкка ылайык, ал пенсияга чыкканына байланыштуу отставкага кеткен. Мындан тышкары Тажикстандын юстиция министринин орун басары да кызматынан кетти.
“Жазаларды аткаруу кызматынын башчылыгына өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы төрага орун басары Мансурджон Умаровдайындалды. Буга чейин тополоң чыккан абактын жети кызматкери, анын ичинде жетекчиси Файзулло Сафарзода менен режим бөлүмүнүн башчысы Фарход Садировкамакка алынган. Тополоң чыкканда Файзулло Сафарзода өлкөнүн Жазаларды аткаруу кызматына кабар бербестен, камактагыларды өз алдынча тынчытууга аракет кылгандыгын айрымдар айтышкан”, – деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, түрмөдөгү тополоң үчүн “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчиликти алган.