Сирия менен Иракта “Ислам мамлекети” террордук тобунун катарына кошулган тажикстандыктардын саны 1899 киши деп каттоого алынды. Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчисинин орун басары Мансуржан Умаров өткөн жумада парламентте билдиргенин “Азаттыктын” тажик кызматы кабарлады. Анын алдында өкмөт “Ислам мамлекети” тобуна 1100 тажикстандык кошулуп кеткенин маалымдаган эле.
Умаровдун айтымында, жоочуларга кошулган кишилер согуш тутанган аймактарга Түркияны кесип өтүп барышкан. Түркияга Москва, Бишкек, Дубай жана Баку шаарлары аркылуу кетишкен. Жүздөгөн согушкерлердин үй-бүлөсү Ооганстанда экени да аныкталган.
Расмий маалыматка караганда, тажик өкмөтү Сириядан жана Ирактан 80 жаранды мекенине кайтарып, 1700 киши издөөгө алынган. Согушта набыт болгон тажикстандыктардын так саны белгисиз.
Кыргызстандан кеткендер 2013-2015-жылдары көбөйүп, кийин басаңдаган. Өлкөдө терроризм жана экстремизмден алыс болууга чакырган иш-чаралар көбөйгөн.
Булак Азаттык