Ош шаарында терроризмге жана эктремизмге каршы он миңге жакын адам катышкан жөө жүрүш өттү. Бул тууралуу акцияны уюштурган Ош шаарынын мэриясы кабарлады.
Акцияга мэрия өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, муниципалдык ишканалардын, казыяттын кызматкерлери жана студенттер катышты. Алар колдорунда радикалдык, террористтик жана башка терс көрүнүнүштөргө күрөшүү боюнча ураандар жазылган транспаранттарды кармап жүрүштү.
Социалдык тармактарда Ош шаарындагы окуу жайларынан кеминде миңдей студенттер бул иш-чарага тартылганын сындап чыгышты.