No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Среда, 25.03.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

ТИМ Кытайдагы кыргыздар тууралуу маалыматтарды тактоо иштерин улантууда

06.12.2018

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдагы кыргыздар тууралуу маалыматты азырынча тактай элек. Мекеменин басма сөз катчысы Улан Дыйканбаев «Азаттыкка» билдиргендей, расмий булактар аркылуу тактоо иштери уланууда.

Өткөн аптада Кытайдагы жакындарын издеген жарандар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан. Кийинчерээк Кыргызстанда “Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитети түзүлүп, бул маселени бийликке, коомчулукка жеткирүү максатында жыйын уюштурулган. Бийлик алардын кайрылуусуна жооп кайтара элек. Тышкы иштер министрлиги кытайлык кыргыздар тууралуу маалыматтарды тактоого киришкенин билдирген.

5-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги кеңсесинин алдында Кытайдагы “кайра тарбиялоочу лагерге” түшкөн кыргыз, казак жана башка улуттардын абалына көңүл бурууга чакырган акция өттү. Анын катышуучулары Кытайдагы кыргыз, казак, уйгур улуттарынын айрым өкүлдөрүнө кысым болуп жатканын айтып, БУУ баштаган эл аралык коомчулукту буга көңүл бурууга чакырды.

Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген адамдар «саясий тарбия берүүчү лагерлерде» кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан бери чыга баштаган. Куугунтукка кабылып жаткандар андай жайларды «түрмө» деп атаса, Кытайдын өкүлдөрү жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе «борборлор» катары сыпаттап келет. Буга чейин БУУ мындай лагерлерде бир миллионго чейин адам отурганын тастыктаган ишенимдүү булактар бар экенин билдирген. Ал эми кармалган кыргыздар тууралуу маалыматтар акыркы айларда көп чыгып жатат. «Кытайдагы кыргыздарды колдоо» комитетинин маалыматына караганда, Шинжаңда расмий Бээжин «саясий тарбиялоочу лагерь» деп атаган жайларда 50 миңдей кыргыз отурат.

Tags: БишкекЖогорку КенешкоопсуздукКытайТИМ

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Кыргызстан

Кыргызстан вышел на первое место в ЕАЭС по росту резервов

24.03.2026
Безопасность

Военный самолет потерпел крушение в Путумайо

24.03.2026
Новости

Вашингтон видит в Галибафе потенциального будущего руководителя Ирана - СМИ

24.03.2026
Безопасность

Василий Небензя обвинил Киев в отказе от переговоров

24.03.2026
Кыргызстан

В Бишкеке началось строительство культурного комплекса «Манас»

24.03.2026
Кыргызстан

Садыр Жапаров подарил квартиру семье после рождения четверняшек

24.03.2026
Кыргызстан

Отопительный сезон в столице Кыргызстана завершится 25 марта

24.03.2026
Безопасность

Дональд Трамп приказал отложить удары по энергетике Ирана

24.03.2026
Аналитика

Почему Иран не ломается под ударами США и Израиля

23.03.2026
Кыргызстан

Кыргызстан усиливает ветеринарный контроль на границе

23.03.2026
Кыргызстан

В Бишкеке выявили аварийный пятиэтажный дом на улице Фучика

23.03.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире