АКШнын президенти Дональд Трамп Ооганстанга барышы мүмкүн экенин 22-ноябрда ал жактагы америкалык аскерлерге телеконференция учурунда кайрылып жатып билдирди. Кийин кабарчылар андан Ооганстанга качан барышы мүмкүн экенин тактап сураганда Трамп “ыңгайы келгенде” деп жооп берди.
АКШнын мурдагы президенттери Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы катары согуш аймагындагы америкалык аскерлерге утур-утур барып турушчу. Трамп азыркы кызматына киришкенден бери эки жылдай убакыт өтсө да андай кылбаганы үчүн сынга кабылып жүрөт.
Мурдагы президент Барак Обама кызматка киришкенден кийинки эки жыл ичинде Иракка бир, Ооганстанга эки жолу барган. Андан мурдагы президент Жорж Буш эки мөөнөтүнүн ичинде Иракка төрт, Ооганстанга эки жолу барган.
Президент Трамптын кийинки сөздөрүнө караганда, АКШ азыр Ооганстан боюнча “абдан күчтүү” сүйлөшүүлөргө катышып жатат. Бирок ал сүйлөшүүлөр түздөн-түз “Талибан” менен жүрүп жатканын айткан жок.
“Талибандын” өкүлдөрү буга чейин билдиргендей, кыймылдын адамдары АКШнын өкүлдөрү менен акыркы айларда Катарда үч сыйра кездешкен. Бирок Вашингтон бул маалыматтарды ырастаган да, четке каккан да эмес.
Учурда АКШнын Ооганстанда 14 миң жоокери бар.