Маданият, маалымат жана туризм министри, Азамат Жаманкулов бүгүн 21-январда «Кабар» агенттигинде митингчилердин талаптары тууралуу жорум берди.
Нааразы тарап бүгүн Митингге, Кыргыз Мамлекеттик циркине Аида Акматованы директор кылып шайлоону талап кылышууда. Ал учурда цирк династиясынын өкүлү болуп эмгектенет. Маданият министри маалымдагандай, Аида Акматованы бүткүл, бирге иштеген жамаат колдобойт, кээ бирлери гана.
«Биз ылайыктуу талапкерлерди карап жатабыз. Алардын арасында балетмейстер, режиссер, жана, албетте, цирк династиясынын өкүлү да саналат», -деп билдирди Азамат Жаманкулов.
Жаманкуловдун айтымында, директордун кызмат ордуна талапкер толук талаптарды сактоого милдеттүү. Ошондой эле, башкарууда тажрыйбасы 3 жылдан кем болбошу керек. Ошондой эле тиешелүү билими болушу керек экендигин баса белгиледи.
Сүрөт: for.kg