Facebook коомдук тармагында жаш жигит, достору менен бирге көчөдө курал менен атып жаткандыгы тууралуу сюжет жарыяланган. Facebook колдонуучу Самат Кадырбаев “Кыргыз жаштары дагы эмне менен мактана алат” деген тема менен видео жүктөгөн.
Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы иш-чара Ленин көчөсүндөгү болуп өттү деп билдирди. ИИМ кызматкерлери видеодогу жигиттерден бир канчасын тергөө абагына камашты. Тергөө убагында маалым болгондой, 10-январда, 1997-жылы төрөлгөн жигит, ресторанда туулган күнүн белгилеген. Кийин сыртка чыгып, асманга бир нече жолу аткан. Тапанчанын маркасы тактала элек. Жабыркагандар жо, жигиттердин өздүктөрү такталууда деп УВД басма-сөз кызматы маалымдады. Учурда тергөө иштери уланууда.
https://www.facebook.com/samat.kydyrbaev.5/videos/299735010887598/
Сүрөт: ap22.ru