Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков биздин мамлекеттин дипломатиялык кызматынын ардагерлери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу, тышкы иштер министрлигинин басма-сөз кызматы билдирет.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр ардагерлерге үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы жана келерки жылга карата мекеменин тышкы саясый пландары тууралуу маалымдады.Ошондой эле, министр жана ардагерлер ортосунда Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду.
Чыңгыз Айдарбеков дипломатиялык кызматтын ардагерлерине алардын иши үчүн жана атамекендик дипломатиянын өнүгүүсүнө кошкон жеке салымы үчүн чын дилден ыраазычылыгын билдирди. Өз кезегинде ардагерлер Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин ишмердүүлүгүнө жогору баа беришти.