“Foreign Policy” журналы Кытайдын жазалоочу режиминен улам Ооганстанга качкандардын саны көбөйгөнүн баяндайт. 1949-жылы Кытайда саясий режим алмашкандан тарта Чыгыш Түркстандан Ооганстанга жер которгондор көп болгон.
1990-жылдан бери кытайлык режим уйгурлардын улуттук өзгөчөлүгүн бийликке чоң коркунуч катары баалап, жазалоочу саясатты ишке ашырып келатат. Учурда кайра тарбиялоочу лагерлер уйгурлардын үшүн алууда. Тили, дини окшош болгону менен Борбор Азиядагы Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан Чыгыш Түркстандагы уйгурларга жардам бере албай жатат. Мунун башкы себеби экономикалык алсыздык болууда. Ушундан улам уйгурлар согушка карабай Ооганстандан баш калка издөөдө.
Шинжаң менен чектеш жайгашкан Ооганстандын Бадахшан аймагында уйгурлар саясий кыстоолорсуз, диний эркиндикте жашай алышат. Дал ушул эркиндик уйгурлардын “Ал-Каида“, “Ислам мамлекети” өңдүү террордук топторго кошулуусуна да жол ачууда. Айрым эксперттер болжол менен 5 миңге чукул уйгур тектүү согушкер Сириядагы Башар Асаддын режимине каршы баш көтөргөндөрдүн арасында болгонун белгилешет.
Учурда “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунда жүздөн ашуун шинжаңдык уйгур бар экени айтылып жүрөт. Шинжаңдагы мусулмандарга карата Бээжиндин каардуу саясаты, “кайра тарбиялоочу лагерлер” Ооганстандын да ички коопсуздугуна коркунуч жаратууда“, -деп жазышты журналдын талдоочулары.