“Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет интернет колдонуучуларынын жеке жазышууларын жана сүйлөшүүлөрүн жаздырып ала баштайт” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.
– Бул маалымат фейк болушу мүмкүн. Анткени УКМК аны тараткан эмес. Мындай маалыматты ким таратып жатканы сөзсүз текшерилет.
Бүгүн айрым WhatsApp колдонуучуларына “УКМК Facebook, Twitter жана WhatsApp аркылуу байланыштын баарын мониторинг жүргүзүп, жаздырып ала баштады” деген мазмундагы кабар келип жатат.
Булак: NazarNews.kg