Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте түзүлгөн комиссия (УКМК) “Белизгейт” деген ат менен белгилүү кылмыш ишинен “жашыруун” деген грифти алып салуу боюнча иштеп жатат.
Анын жыйынтыгы чыгарылгандан кийин материалдар Башкы прокуратурага жиберилет. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы “Азатыкка” кабарлады.
Буга чейин Башкы прокуратура “Белизгейт” деген ат менен белгилүү кылмыш иши жашыруун иликтенчү материалдардын катарына киргендиктен, комментарий берүүгө маалымат жетишсиз болуп жатканын билдирген. Ошол себептүү андагы “жашыруун” грифин алып салуу сунушталганы айтылган.
Мыйзам боюнча, аталган грифти алып салуу үчүн УКМК комиссия түзүп, чечим кабыл алышы зарыл.
27-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде өткөн жабык жыйында депутаттар маселе көтөрүп, эки жума ичинде “Белизгейт” ишинин материалдарынан «жашыруун» деген грифти алып, ачык иликтенчү иштердин катарына кошууну сурашканы белгилүү болгон.
2016-жылы Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы “Альфа Телекомдун” мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал документтерге Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү жазылганын кабарлаган.
Быйыл 19-сентябрда бул маселе Жогорку Кеңеште талкууланып, УКМКнын азыркы жетекчилиги андай документтерди таба албай жатканын айткан. Депутат Исхак Масалиев Сегизбаев “парламентке келип туура эмес маалымат бергени үчүн тез арада жоопко тартылышы керек” деген оюн билдирген.
Башкы прокуратура токтоп калган териштирүүнү улантып, укуктук баа берүүнү көздөп жатканын маалымдаган. (КЕ)
Гриф* – жашыруун маалыматтардын системалык классификациясы.