No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Шейшемби, 20.05.2025
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Main Navigation
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Main Navigation
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Башкы бет Жаңылыктар

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кылмыштуу топтун 9 мүчөсүн кармады

07.02.2019
Жаңылыктар, Коопсуздук

Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери кылмыштуу топтун мүчөлөрүн тобу менен кармады. Бул тууралуу аймактык милициянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматы уюшкан адамдардын тобунда мыйзамсыз ок атуучу курал бар экени боюнча жана аларды Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде сактап жүрүшкөндүгү боюнча ыкчам маалымат алган.

Бул факт боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүгү (“Курал-жаракты жана ок-дарыны мыйзамсыз алып жүрүү”) боюнча баштапкы текшерүү башталган.

“5-февраль күнү Жалал-Абад шаарынын “Спутник” кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине тинтүү жүргүзүлгөн. Тергөө-оперативдүү тобу барган учурда аталган батирдин ичинде 9 киши олтурган. Алардын арасында бирөө гана мурда соттолбогон, калгандары мурда оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасап сот жообуна тартылгандар жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да болгон”, — деп айтылат маалыматта.

Тинтүү учурунда документи жок, колго жасалган бир даана сайлуу ок атуучу курал, 10-65 калибрдеги 8 даана ок табылган. Алынган далил буюмдарга баллистикалык экспертиза дайындалды.

“Тергөө учурунда жогорудагы мыйзамсыз ок атуучу курал жана ок дарылар мурда тоноочулук менен соттолгон Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Чангыр-Таш айылынын тургуну, 1998-жылы туулган экендиги такталды. Ал Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди”, — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы калган 8 жаран боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Териштирүү учурунда алардын арасынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү бар экени билинди.
Ал Автотранспортту тартып алуу, уурулук, тоноочулук жана киши өлтүрүү менен соттолгон. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан издөөдө жүргөнү белгилүү болгон.

ПРООН чек арачыларга компьютер жабдууларын тапшырды

31.01.2020

Россиянын премьер-министри: биздин өлкө союздаштарга өзүнүн технологиясын берүүгө даяр

31.01.2020

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү биримдиктин ишмердүүлүгүн жана келечегин талкуулашты

31.01.2020

ЕЭК Коллегиясынын башчысы: ЕАЭБ өлкөлөрү санариптик эгемендүүлүктү коргоо боюнча маселелерди бирге чечүүлөрү керек

31.01.2020
Мурунку пост

Орусия жана Кыргызстан жогорку Нарын ГЭСинин курулушун ишке ашырууну улантууну пландап жатат

Кийинки пост

Кыргызстанда милдеттүү камсыздандыруу, ОСАГО жөнүндөгү мыйзамды күчүнө кирүү мөөнөтүн кайра жылдырды

Кийинки пост

Кыргызстанда милдеттүү камсыздандыруу, ОСАГО жөнүндөгү мыйзамды күчүнө кирүү мөөнөтүн кайра жылдырды

Subscribe
Notify of
guest
guest
0 Comments
Inline Feedbacks
View all comments

Жаңылыктар лентасы

Жаңылыктар

ПРООН чек арачыларга компьютер жабдууларын тапшырды

31.01.2020
Жаңылыктар

Россиянын премьер-министри: биздин өлкө союздаштарга өзүнүн технологиясын берүүгө даяр

31.01.2020
Жаңылыктар

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү биримдиктин ишмердүүлүгүн жана келечегин талкуулашты

31.01.2020
Жаңылыктар

ЕЭК Коллегиясынын башчысы: ЕАЭБ өлкөлөрү санариптик эгемендүүлүктү коргоо боюнча маселелерди бирге чечүүлөрү керек

31.01.2020
Жаңылыктар

Кыргызстандын ТИМде Ухань шаарынан Кыргызстандыктарды алып чыгуу варианттары каралууда

31.01.2020
Жаңылыктар

ЖККУ жана КМШ терроризмге каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты бекемдөөдө

31.01.2020
Жаңылыктар

Президент Генштабдын башчысы менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн бекемдөө боюнча чараларды талкуулады

31.01.2020
Жаңылыктар

Жогорку Кеңеште дагы Кыргызстандын өкмөтүн таркатууну сунуштады

31.01.2020
Жаңылыктар

Манас аэропорту тышкы башкарууга берилет

30.01.2020
Жаңылыктар

Комерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн жолугушуусун белгисиз адамдар токтотууга аракет кылышкан

30.01.2020
Жаңылыктар

Премьер-министр эртең ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү кесиптештер менен жолугушат

30.01.2020
Дагы жүктөө
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Footer Navigation
No Result
View All Result

wpDiscuz
0
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x
| Reply