Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов банк кечип койгон ссудасынын калдыгын өзү төлөй турганын маалымат жыйында билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин Улуттук банк төрага Толкунбек Абдыгулов алган ссуданын калган суммасын — 4,8 миллион сомду кечкени маалымдалган. Ал 2015-жылдын июнь айында 5,5 миллион сом ссуда алган.
Абдыгулов алган акчанын калган бөлүгүн банктын кечип салганы коомдо түрдүү талкууларды жаратканын белгилеп, берилген ссуданы Улуттук банктын кечип койгону мыйзамдуубу деген да маселе көтөрүлгөнүнө токтолду.
Абдыгулов ошондой эле Улуттук банктын кызматкерлерине ссуда берүү тажрыйбасы дүйнөдөгү банктар арасында калыптанып калган көрүнүш экенин кошумчалады.
“Себеби коммерциялык банктар менен көзөмөлдөө органдары ортосундагы кызыкчылыктар кагылышы болбошу үчүн банктын кызматкерлери Улуттук банк тууралуу мыйзам боюнча коммерциялык банктардан ссуда ала албайт. Андыктан Улуттук банк ушундай ыкманы киргизген”, — деди ал.
15-ноябрда, Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Aбылгазиев Башкы прокуратура Улуттук банктын кылдат текшерүү жүргүзүп жатканын айтты. Бирок, текшерүү насыянын мыйзамдуулугун көрсөттү.
Сүрөт: m.ru.sputnik.kg