Биринчи май сотунун чечими менен, Нургазыга (аты-жөнү өзгөртүлдү) кылмыш иши козголду.
2018-жылдын, 7-февраль күнү, түштөн кийин Нургазы жана анын шериктери, Улан жана Фарух (аты өзгөртүлдү) башка бирөөнүн үйүнө кирип, ал жерден көп акча уурдап чыгышкан, башкача айтканда, 450 миң сом жана 120 миң доллар.
Үйгө Нургазы жалгыз киргендиктен, шериктеринен долларды жашырып, сомду гана бөлүшкөн. Нургазы, Уланга 450 миң сом берген. Ал акчадан Нургазы куртка (1500 сом) менен батинке (2000 сом) сатылып алынган. Калган 430 миң сомду Улан өзүнө калтырган.
19-февраль, 2018- жылы, Нургазы укук коргоо органдары тарабынан кармалган. камакка алуу учурунда, Нургазыдан болгону 83 миң доллар табылган, калган акчаны сарптаган. Ошондой эле, мыйзамсыз сатылып алынган газ тапанча табылган.
сот учурунда Нургазы күнөөлүү деп табылган жана 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен 6 жылга эркинен ажыратылды.
Сүрөт: en.eyeni.biz