Бишкектин мурдагы Вице-мэри Бакытбек Дюшембиев, бүгүн «Бишкексууканалдын» башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Токтомго мэр Азиз Суракматовдун колу коюлду. Дюшембиев вице-мэр учурунда курулуш маселелерин көзөмөлдөгөн. Ал постту 2010-жылдан бери ээлеген жана төрт шаардын башчылары менен алектенип келген.
Мурунку, «Бишкексууканалдын» башчысы Асылбек Исаев өзүнүн каалоосу менен кызматтан кеткен.
Азыр, курулуш жана архитектуралык маселелер боюнча башка вице-мэр, Рыспек Сарпашев алып барат.
Сүрөт: m.ru.sputnik.kg