Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков “Коммерсант” гезитине берген интервьюсунда Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстанга 2019-жылдын биринчи жарымында келээрин билдирди.
Чынгыз Айдарбеков бул кызматка дайындалгандан бери алгачкы иш сапарын Москва шаарына жасап, орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолуккан. Анда ал эки тараптуу иш сапарлары тууралуу сөз болгонун, Путиндин Кыргызстанга жасай турчу сапары жөнүндө пикир алышышканын айтты.
Ошондой эле Лавровду Бишкек шаарына расмий визит менен келүүгө чакырган.