Экс-депутат Өмүрбек Текебаев, Нацценттин кардиология бөлүмүнө инфарктын башталгыч оорусу менен жиберилген – азыр аны кесиптештери, туугандары, жана жактоочусу көргөнгө болот.
Бул тууралуу жактоочусу Таалайкул Токтакунова билдирди.
Өмүрбек Текебаев жүрөктүн коронардык оорусу, стенокардия, атеросклероз, ашыкча салмактуулук, зоб табышкан.
Саясатчы оор абалда Наццентрдин кардиология бөлүмүнө, №47 түзөтүү колониясынан өткөрүлүп берилген. Дарыгерлер ооруканага жатышын талап кылган.
«Кечээ мен ага жолукканы бардым. Палатасына жубайы жана кесиптештерине уруксат берди. Аялы тамак-аш жана дары-дармек алып келүүдө. Анын жүрөгү ооругандыктан дары дармек жана дарыгерлердин дайыма көзөмөлүндө болуусу керек», – деп билдирди Таалайкул Токтакунова.
Эске сала кетсек, ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевди Венадан келген учактан Улуттук коопсуздук кызматы 26-февралда түнкү саат үчтө, «Манас» аэропортунан кармалган. Ал 48 саатка камакка алынган, андан кийин эки айга. Камакка алуунун себеби, Орусиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү боюнча, 2010-жылы Текебаев «Мегаком» компаниясына киргизип, бизнес жүргүзүү үчүн $ 1 млн пара алган.