Якутияга Кыргызстандын жогорку даражалуу кызмат адамдары барды. Иш сапардын максаты – биздин өлкөнүн мигранттары тарабынан жасалды деген кылмыштарды териштирүү. Алар, Саха Республикасынын (Якутия) аймагында жашаган биздин жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Алар мигранттардын арасында мониторинг жүргүзүү жана кылмыштын алдын алуу системасын жакшыртуу боюнча макулдашышты.
Эки өлкөнүн кызыкдар болгон тараптары мындан аркы кызматташуу тууралуу макулдашты. Алар Саха Республикасынын (Якутия) биргелешкен иш-чаралар тууралуу айтып берди жана Кыргызстандык мигранттар менен иш алып барып, жана маалымат алмашууга макулдашышты.
Эске сала кетсек, эмгек мигранттары тарабынан жергиликтүү тургунду алып качып зордукталды деген айып коюлган, бул нерсе коомчулуктун кыжырын келтирип, жана нааразылыгын жараткан. Бул жагынан алганда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамсыз миграция жана мыйзамсыз ишкердик менен каршы күрөшүү боюнча чараларды күчөтүү боюнча милдеттенме алган.
Өз кезегинде, аймактын жашоочуларына резонанстуу кылмыштан алыс болуу үчүн улуттук суроодон алыс болууну суранышты.
Сүрөт: КирТаг